Уланма кылмыш
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)УЛАНМА КЫЛМЫШ – жалпы максатка багытталган жана жыйынтыгында бирдиктүү кылмышты түзгөн, бир катар бирдей же окшош аракеттер же аракетсиздик актыларынан түзүлгөн кылмыш. Аларга: кыйноо, сатуучунун кардарды таразада такай алдоосу, башка бирөөнүн мүлкүн такай уурдоо ж. б. кирет.